Керкүктө бир убакта эки бомбалуу жардыруу болду

Жардырууда каза болгондор болгон жок.

1062299
Керкүктө бир убакта эки бомбалуу жардыруу болду

Ирактын Керкүк шаар борборундагы эки башка райондо бомба жайгаштырылган унаа менен жасалган кол салууда каза болгондор болгон жок.

Керкүк полиция директорлугунун басма сөз жооптуусу Афрасяв Камил : «Керкүктүн Есра Мафкудин жана Шерикет Тарык райондорунда бирдей убакта эки бомбалуу кол салуу жасалды»,- деди.

Камил жарылуулар болгон учурда бул аймактарда эч кимдин болбошу бир апааттын жолун тоскондугун айтты.

Эч ким каза болбогон эки бомбалуу кол салууда унаалардын колдонулгандыгын айткан Камил : «Кол салуулардын кимди же кимдерди бутага алгандыгына байланыштуу азырынча так маалымат жок. Полиция бомбалуу кол салуулар болгон райондордо кенен масштабдуу иликтөө баштады. Бомбалуу унаалардын шаар борборуна кандай алып келингендиги изилденүүдө»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар