Орусия Сирияда жүз он эик аскерин жоготту

Бондарев орус куралдуу күчтөрүнүн Сирия операцияларынын  үч жылдыгынан улам басма сөзгө маалымат берди.

1059925
Орусия Сирияда жүз он эик аскерин жоготту

Орусия федерация кеңешинин коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Виктор Бондарев өлкөсүнүн Сирияда операция баштаган үч жылдан бери жүз он эки аскердин каза болгондугун билдирди.

Бондарев орус куралдуу күчтөрүнүн Сирия операцияларынын  үч жылдыгынан улам басма сөзгө маалымат берди.

Советтер союзу мезгилинде Афганстанда биринчи үч жылдын ичинде төрт миң сегиз жүзгө жакын аскер, эң аз алтымыш танка жана төрт жүз ок өткөрбөс унаа менен он беш учак, токсон жети тик учардын жок болгондугун эске салган Бондарев : «Азыркы учурда куралдуу күчтөрүбүз Сирияда жүз он эки аскерди жоготту. Бул аскерлердин жарымына жакыны Ан  - 26 учагынын кырсыкка учурашы жана  Ил  - 20 учагынын атылышы менен каза болду. Өзгөчө сегиз учак, жети тик учар жана бир канча ок өткөрбөс унааны жоготтук»,- деди.

Бондарев 2003 – 2006 -  жылдары Иракта жүргүзүлгөн операцияларда АКШнын лидерлигиндеги коалициянын эки миң беш жүз он беш  аскер, он – жыйырмага жакын танка, эң аз элүү ок өткөрбөс унаа, он беш учак жана сексенге жакын тик учарды жоготкондугун билдирди.

Орус Ан  - 26  моделиндеги аскердик жүк ташуучу учак бул жылы 6 -  мартта Хмеймим аскердик аба базасында техникалык себептерден улам түшкөн жана ичиндеги 39 орус аскери каза болгон.

Сирияда 17 -  сентябрда болсо чалгындоо учушуна чыккан жана 15 аскерди ташыган орус Ил  - 20 учагы Жер Ортолук деңизинин үстүндө Сирия абадан коргоо ракета системасы менен атылган.



Тектеш кабарлар