Индонезияда болгон жер титирөө

7, 4 баллдык жер титирөө жана андан кийин келген цунамиде каза болгондордун саны 1203кө жетти.

1059970
Индонезияда болгон жер титирөө
endonezya deprem1.jpg

Индонезиянын Сулавеси аралында жума күнү болгон 7, 4 баллдык жер титирөө жана андан кийин келген цунамиде каза болгондордун саны 1203кө жетти.

Жергиликтүү медиада орун алган кабарларда өкмөттүн аймак калкынын маркеттерден азык  - түлүк ала аларын жана чыгымдардын мамлекет тарабынан камсыз кылынарын жарыялагандыгы тууралуу маалымат берилди.

"The Jakarta Postтун" кабарына караганда Индонезия улуттук апаатты башкаруу агенттигинин катчысы Сутопо Пурво Нугрохо борбор шаар Жакартада басма сөзгө берген маалыматта Сулавеси башкаруусунун апааттан кийин аймакта 28 -  сентябрдан  11 -  октябрга чейин чукул абал жарыялагандыгын билдирди.

Көчкү астындагы бир топ сөөктүн азыр да чыгарыла албагандыгын белгилеген Нургохо каза болгондордун санында өсүү болушу мүмкүн экендигин айтты.

Нугрохо өлкөдөгү цунамини эрте эскертүүчү системасынын 2012 -  жылдан бери иштебегендигин билдирди. Нугрохо : «2012 -  жылдан бери цунамини билдирүү системасы иштебейт. Бул система цунами коркунучу болгон Индонезия үчүн чындыгында абдан маанилүү. Бирок бул система менен цунамини мурунтадан кабарлай алат жана кишилердин каза болушун эң азга түшүрө алабыз»,- деди.

Индонезия улуттук апаатты башкаруу агенттигинин Палудагы жер титирөө жана цунамиде каза болгондор үчүн эң аз 300 сөөк көмүлө турган бир мазардын казылгандыгын белгиледи. Топ түрүндө көмүү ишинин качан аткарылары азырынча белгисиз, Индонезия улуттук апаатты башкаруу агенттигинин төрагасы Виллем  Рампангилей каза болгондордун диний себептерден улам эртерээк көмүлүшү керектигин белгиледи.

Жер титирөө жана цунаминин таасиринин Донгала тегерегинде 13, Палу тегерегиндеги 8 отурукташуу жеринде сезилгендиги жана жалпы 2, 4 миллион кишинин апааттан таасирленгендиги болжолдолууда. Изилдөө куткаруу иштери улантылууда.



Тектеш кабарлар