АКШ учактары Чыгыш Кытай деңизинде учту

Американын аба күчтөрүнө караштуу бир Б  - 52 атомдук  бомбалоочу учак Кытай «Аба мейкиндиги» деп жарыялаган Чыгыш Кытай деңизиндеги аралдардын үстүндө учту.

1057647
АКШ учактары Чыгыш Кытай деңизинде учту

Американын аба күчтөрүнө караштуу бир Б  - 52 атомдук  бомбалоочу учак Кытай «Аба мейкиндиги» деп жарыялаган Чыгыш Кытай деңизиндеги аралдардын үстүндө учту.

Америка медиасына маалымат берген аскердик жетекчилер Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы араздашууну дагы да күч алдыра турган учуулардын кечээ аткарылгандыгын белгиледи.

Американын CNN телекөрсөтүүсүнүн коргоо министрлигинин жетекчилерине таянып берген кабарында Япония аба күчтөрүнө караштуу аскердик учактардын коштогондугу, Америка Б – 52 бомбалоочу учактын андан мурда пландалган бир иш чаранын негизинде Чыгыш Кытай деңизинде учкандыгы белгиленди.

Бул учактардын Кытай менен Япониянын ортосунда талаш  - тартыш темасы болгон Сенкаку аралынын үстүнөн учкандыгы да билдирилди. Жуманын башында Американын дагы бир  Б – 52 учагынын Гуам аралынан Түштүк Кытай деңизиндеги талаш  - тартыштуу  аралдардын үстүндө учкандыгы белгиленген.



Тектеш кабарлар