Навальныйга кайрадан абак жазасы берилди

Ярмыш Сименовский аймактык сотунда болгон сотто Навальныйга 20 күндүк аба жазасынын берилгендигин белгиледи.

1056300
Навальныйга кайрадан абак жазасы берилди

Орусияда Коррупция менен күрөш фондунун куруучусу Алексей Навальный  20 күндүк абак жазасына тартылды.

Орус оппозициячылдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш социалдык медиа эсебинен берген маалыматта Навальныйдын 9 -  сентябрда өткөргөн бирок абакта болгондуктан катышпаган «пенсия мыйзам долбооруна каршы митингинин жараланууларга жана материалдык чыгымга себеп болду» деген негиз менен соттолгондугун билдирди.

Ярмыш Сименовский аймактык сотунда болгон сотто Навальныйга 20 күндүк аба жазасынын берилгендигин белгиледи.

Коррупция менен күрөшүү фондунун куруучусу Навальный өткөн айда үйүнүн алдында камакка алынып, Москвада чыгарылган Тверской аймактык соту тарабынан 28 -  январда катышкан бир кыймылдан улам 30 күндүк абак жазасына тартылган.

Абак жазасынын акырына чыгышы менен эркин койо берилген Навальный абактан чыгышында полиция тарабынан кайрадан камоого алынган. Навальный январь айында да өкмөттүн пенсия жашынын жогорулатылышына байланыштуу долбооруна каршы чыгуу үчүн элди көчөгө чыгууга  үндөгөн.



Тектеш кабарлар