Алексей Навальный кайрадан камоого алынды

Навальныйдын саясий кыймылын жүргүзгөн Леонид Волков оппозциячылдын  20 күн абак жазасына  тартылышы мүмкүн экендигин айтты.

1055491
Алексей Навальный кайрадан камоого алынды

Орусиянын алдыңкы оппозициячылдарынан Коррупция менен күрөштүн куруучусу Алексей Навальный абактан чыгары менен дароо камоого алынды.

Навальныйдын саясий кыймылын жүргүзгөн Леонид Волков социалдык медиа эсебинен 30 күндүк абак жазасын өтөгөн Навальный абактан чыгарында кайрадан камоого алынгандыгын жарыялады.

Навальный тууралуу бир митингде кээ бир кишилердин жараланышына себер болду деген негиз менен камоого алуу чечимин чыгарышкандарын билдирген Волков оппозциячылдын  20 күн абак жазасына  тартылышы мүмкүн экендигин айтты.

Алексей Навальный өткөн айда үйүнүн алдында камоого алынган жана борбор шаар Москвада чыгарылган Тверской аймактык соту тарабынан 28 -  январда катышкан бир кыймылдан улам 30 күн абак жазасына тартылган.

Навальный январь айында өкмөттүн пенсия жашын жогорулатышына байланыштуу долбооруна каршы чыгуу үчүн элди көчөгө чыгууга чакырган.

 

 

 



Тектеш кабарлар