Порто Рикодогу борошодо каза болгон 3 миң киши тууралуу Трамптын билдирүүсү

Дональд Трамп өткөн жылы Мариа борошосу болгон Порто Рикодо 3 миң кишинин каза болгондугунун билдирилиши өзүнө каршы кыймыл экендигин айтты

1049554
Порто Рикодогу борошодо каза болгон 3 миң киши  тууралуу Трамптын билдирүүсү

АКШнын президенти Дональд Трамп өткөн жылы Мариа борошосу болгон Порто Рикодо 3 миң кишинин каза болгондугунун билдирилиши өзүнө каршы кыймыл экендигин айтты. Апаат болгон аймакка баргандыгын эске салган Трамп : «Аралдан кеткенимде каза болгондордун саны 6 – 18дин арасында эле. Андан кийин да сан арткан жок. Арадан көп убакыт өткөндөн кийин бир күн каза болгондордун санына байланыштуу 3 миң сыяктуу жогорку сандар бериле баштады»,- деди.

Мунун өзүн жаман лидер сыяктуу көрсөтүүнү каалаган демократтардын иши экендигин жактаган Трамп картайып каза болгондордун да борошодо каза болгондой көрсөтүлгөндүгүн белгиледи. Трамп демократтарды өзү тууралуу жаман имидж жаратуу менен күнөөлөдү.

Былтыркы жылы Порто Рикого барган Мариа борошосунда каза болгондор тууралуу жаңы сандар расмий түрдө билдирилген болчу. Акыркы 90 жылда Кариптерде болгон эң күчтүү борошодо 3000ге жакын кишинин каза болгондугу белгиленген болчу.

 



Тектеш кабарлар