Нигерияда кол салуу болду

Кол салууда 11 киши каза тапты.

1049531
Нигерияда кол салуу болду

Нигериянын түндүк батышында жасалган куралдуу кол салууда 11 киши каза тапты.

Улуттук басма сөздө чыккан кабарларда Замфара аймагына караштуу Бадарава айылында ким экендиги белгисиз кишилер тарабынан  киного баруу үчүн чогулган кишилерге ок атылгандыгы белгиленди. Кол салууда 11 кишинин каза болуп, 20дан ашуун киши жараланды.

Жаралуулардын дарыланып жаткандыгы, окуя тууралуу териштирүүнүн баштатылгандыгы жарыяланды. Январь айынан бери аймакта жасалган куралдуу кол салууларда 400гө жакын киши каза болуп, миңдеген киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.



Тектеш кабарлар