Индияда нефтехимия ишканасында жарылуу болду

Жергиликтүү калк, жумушчулардан танкердеги газды бошотпостон оңдоонун талап кылынганын айтып чыкты.

1048352
Индияда нефтехимия ишканасында жарылуу болду

Индияда бир нефтехимия ишканасындагы газ танкеринде чыккан жарылуунун себебинен алгачкы белгилөөлөргө караганда 6 киши каза таап, 6 киши жаракат алды.

"Hindustan Times" гезитинин кабарына караганда  коопсуздук боюнча кызматкер Умеш Кумар Сингх, Уттар Прадеш провинциясынын Бижнор аймагындагы нефтехимия ишканасындагы жумушчулар метан газы сакталган танкерди оңдоп жаткан убагында жарылуу болгонун белгиледи.

Сингх, кырсыктан кийин 3 кишиден дайын чыкпай жатканын да маалымдады.

Куткаруу иштеринин баштатылганын белгилеген Сингх, окуя болгон жерге полициянын өткөрүлгөнүн айтты.

Жергиликтүү калк, жумушчулардан танкердеги газды бошотпостон оңдоонун талап кылынганын айтып чыкты.



Тектеш кабарлар