БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррештен чакыруу

«Атомдук сыноолорго кенен масштабдуу тыюу салуу келишиминин эртерээк ишке кириши үчүн бардык аракеттер жумшалышы керек".

1044966
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррештен чакыруу

 БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Атомдук сыноолорго кенен түрдө тыюу салуу келшимин ишке киргизүүгө чакырды. Гутерреш БУУнун Жалпы кеңешинде өткөрүлгөн жылдык «Атомдук куралдардын тест кылынышы тууралуу күрөштүн эл аралык күнү» отурумунда сөз сүйлөдү.

Атомдук куралдардын тест кылынышы жана тыюу салынышынын ортосунда өз ара байланыштын бар экендигин белгилеген Гутерреш : «Атомдук сыноолор көп болгон коркунучтуу мезгилде каза болгондорду эскеребиз»,- деди.

Атомдук тесттердин экология, адамдын саламаттыгы, азык- түлүк коопсуздугу жана экономикалык өнүгүү боюнча коркунучтуу таасирлеринин бар экендигин белгилеген Гутерреш атомдук сынактарга каршы катуу чаралардын көрүлүшү керектигин баса белгиледи.

Гутерреш көрүлгөн чараларга жана БУУнунКоопсуздук Кеңешинин чечимдерине карабастан Түндүк Кореянын атомдук сыноолорун улантып жаткандыгына токтолуп : «Атомдук сыноолорго кенен масштабдуу тыюу салуу келишиминин эртерээк ишке кириши үчүн бардык аракеттер жумшалышы керек. 20 жылдан бери талкууланып келгендигине карабастан келишим азырынча ишке кире элек»,- деди.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар