Трамп Канаданы коркутту

Трамп Канада менен келишим түзүлбөй турган болсо өлкөсүнүн чыгымга учурабай тургандыгын жактады.

1044241
Трамп Канаданы коркутту

АКШнын президенти Дональд Трамп Канада менен соода сүйлөшүүлөрүнүн чыңалуу менен өткөндүгүн белгилеп : «Эгерде сүйлөшүүлөр ишке жарабаса бул биздин өлкөбүз үчүн жакшы болот бирок Канада үчүн жакшы болбойт»,- деди.

Кувейттин эмири Шейх Сабах менен Ак үйдө жолугушкан Трамп сүйлөшүүлөрүнөн мурда Оваль офисте журналисттерге күн тартиби тууралуу маалымат берди.

Трамп АКШ жана Канада делегацияларынын ортосунда кечээ башталган соода сүйлөшүүлөрүнүн «чыңалуу» менен өткөндүгүн айтып, Канада менен келишим түзүлбөй турган болсо өлкөсүнүн чыгымга учурабай тургандыгын жактады. Трамп мындай жагдайда Канаданын көптөгөн нерсени жоготорун ортого салды.

АКШ, Канада жана Мексиканын ортосунда 24 жыл мурда ишке кирген Түндүк Америка Эркин Соода Келишимин дагы бир жолу «кызыктай бир келишим» деп мүнөздөгөн Трамп өткөн жылы кайрадан сүйлөшүүгө ачкан келишимдин жаңы версиясын Канаданы камтыбашы мүмкүн экендигин белгилеген.



Тектеш кабарлар