Орусия С-400 системаларын 2019-жылы Түркияга тапшырат

Виктор Кладов маалымат берди.

1038480
Орусия С-400 системаларын 2019-жылы Түркияга тапшырат

Орусия С-400 абадан коргонуу системаларынын 2019-жылы Түркияга тапшырыла турганын билдирди.

Орусиянын мамлекеттик коргонуу өнөр жайы компаниясы Ростехтин эл аралык кызматташтык жана аймактык саясаттар боюнча директору Виктор Кладов, Түркия менен жүргүзүлүп жаткан С-400 абадан коргонуу системалары, биргелеше согуштук учак чыгаруу, аскердик-техникалык жана берки өнөр жай секторлорундагы долбоорлорго байланыштуу маалымат берди.

Орусия менен Түркиянын ортосунда 5-муундагы согуштук учак чыгаруу үчүн көпкө созулган кеңешүү процессине муктаждык бар экенин баса белгилеген Кладов: «Ушундай ири долбоор үчүн тараптардын жалгыз гана кызыгуусу жетиштүү эмес, ошол эле учурда биргелеше иштешүү үчүн даяр болуулары да керек»,-деп айтты.

Биргелеше согуштук учак чыгаруунун орчундуу чечим экенин белгилеген Кладов: «Бирок ушундай чечим чыгарылса, Орусия менен Түркиянын бул долбоорду ишке ашырууда жетиштүү технология жана өнөр жай базисине эгедер экенине ишенемин»,-деди.

Кладов: «С-400 келишиминин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты күчтөндүрүү жана өнүктүрүү жагынан маанилүү кадам экенин айта аламын. Ар түрдүү жаңы өнөр жайларда кызматташтыгыбызды бекемдөөнүн алдында кандайдыр бир тоскоолдук көрбөй элемин»,-деп кошумчалады.

Түркиянын С-400дөрдүн эрте тапшырылышын каалагандыгын эске салган Кладов: «Биринчи системанын Түркияга 2019-жылы тапшырылышын пландап жатабыз. С-400дөр абадан келе турчу бардык коркунучтарды жок кылуучу, дүйнөдө теңдеши жок коргонуу системасы болуп саналат»,-деди.

 



Тектеш кабарлар