Индонезияда дагы жер титирөө болду

Жер титирөөнүн күчү 6,9 баллга жетти.

1035320
Индонезияда дагы жер титирөө болду

Индонезиянын Ломбок аралына жакын жерде болгон 6,9 баллдык жер титирөөдөн 10 киши каза тапты.

АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борбору Индонезиянын Ломбок аралына жакын жерде эпицентри Белантингдин 4 километр түштүгүндө болгон жана жердин 20,3 километр астында күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө катталгандыгын билдирди.

Каза тапкандардын урандынын астында калып же жүрөк пристубунан көз жумгандары белгиленди.

Аймакта 1 миң 800 үйдүн зыянга учурагандыгы билдирилди.

Кечээ эртең менен да Ломбок аралынын чыгышында 6,3 баллдык жер титирөө катталып, 2 киши жабыркаган.

Эки жума мурда аралда болгон 7 баллдык жер титирөөдөн 460тан ашуун киши көз жумган болчу.



Тектеш кабарлар