Израилден Палестинага коркутуу

Израиль Газаны басып алуу менен коркутууда.

1034239
Израилден Палестинага коркутуу

Израиль басып алган Палестинада ондогон жаранды өлтүрүү менен эле калбастан Хамас башкаруусун кулатуу үчүн Газаны басып алуу менен да коркутту. Израиль коргоо министри Авигдор Либерман Хамас башкаруусун кулатуу үчүн эки жол бар деди. Либерман чыр  - чатактуу коркутуусун : «Бир топ аскерди курмандыкка берүү менен Газаны басып алуу же ал жерде «араб жазын» жаратуу»,- деген сөздөр менен билдирди.

Израилдин «Маарив» гезитине маалымат берген Либерман Хамас бийлигин Газа калкын аракетке өткөрүү менен жок кылууну жактады. Либерман билдирүүсүндө моюнга алуу мүнөзүндө сөздөрдү да колдонду. «Ачыкча айтып жатабыз. Эгерде  тынчтык жана бейкуттук боло турган болсо мындан пайдалана турган тарап Газа калкы болот»,- деп блокаданын максатын ортого салды.



Тектеш кабарлар