Малиде президенттик шайлоо
Конституциялык соттун жыйынтыктарды бекитиши менен Кеита экинчи 5 жылдык президенттик мезгилин баштайт.
Батыш Африка өлкөсү Малиде президент Ибрахим Бубажар Кеита жекшемби күнү болгон президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуштардын 67 пайызын алып жеңиш менен чыкты.
Аймактык башкаруу министрлиги жарыялаган экинчи айлампадагы жыйынтыктарга караганда президент Кеита добуштардын 67, 17 пайызын алса, атаандашы жана негизги оппозиция лидери Соумаила Жиссе 32, 83 пайыздык добуш алды.
Конституциялык соттун жыйынтыктарды бекитиши менен Кеита экинчи 5 жылдык президенттик мезгилин баштайт.
Биринчи туру 28 - июлда өткөн президенттик шайлоодо эч бир талапкердин 50 пайыздан ашуун добуш албашы менен шайлоо экинчи айлампага калган.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.