Бразилияда кызамык эпидемиясы
Өлкөдө кызамык оорусунун эпидемиясы күч алууда.
1032830
Бразилияда күч алган кызамык эпидемиясынын себебинен 6 киши каза болду.
Бразилиянын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, өлкөдө жылдын башынан бери 1 миң 200 кишинин кызамыкты жугузуп алгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө кызамыкка чалдыккандардын көбүнүн өлкөнүн Рорайма жана Амазонас аймактарында катталгандыгына көңүл бурулду.
Бразилияда ушул айда ооруга каршы күрөшүүнүн алкагында 1 жаштан 5 жашка чейинки балдар үчүн эмдөө акциясынын башталганы белгиленди.