Афганстанда жардыруу болду

Кол салууда 25 киши каза тапты.

1033082
Афганстанда жардыруу болду

Афганстандын борбор шаары Кабулда жасалган жан кечтилик кол салууда эң аз 25 киши каза тапты. Афган коопсуздук жетекчилери кол салуучунун денесине жайгаштырган бомбаны Кабулдун Дашти Барчи аймагындагы бир машыктыруу борборунда жардыргандыгын билдирди.

Кол салууда алгачкы маалыматтарга караганда 35 киши да жараланды. Кол салууну азырынча моюнга алган болгон жок.

Бир тараптан Афганстандын Лагман аймагында да жол жээгиндеги ракета снарияданын жарылышы менен 6 бала каза болду.

 



Тектеш кабарлар