Флоридада уулуу балырлардан улам Өзгөчө кырдаал жарыяланды

Балырларды тазалаш үчүн кошумча каражат бөлүндү.

1031810
Флоридада уулуу балырлардан улам Өзгөчө кырдаал жарыяланды

АКШнын Флорида штатында балыктардын кырылышына, жээктер менен ресторандардын бошотулушуна себепчи болгон уулуу балырлардан улам штаттын айрым аймактарында Өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Флориданын губернатору Рик Скотт, балырлардан таасирленген аймактарда Өзгөчө кырдаал жарыялангандыгын билдирди.

Балырларды тазалаш үчүн аракет кылган илимпоздор үчүн 100 миң долларлык кошумча каражат бөлгөндөрүн белгилеген Скотт, туристтердин аймактан кетип калышынын себебинен зыянга учураган жергиликтүү коомчулук жана ишканалар үчүн да 500 миң долларлык фонд бөлгөндөрүн белгиледи.

Скотт уулуу балырлардан таасирленген 7 аймак үчүн бардык штаттардан жардам көрсөтүлө турганын жана ишканалардын чыгымдарын камсыздо үчүн аракет кыла тургандарын айтты.

Октябрь айында башталган балырлардын жайылуусу штаттын түштүгүнөн түндүгүнө 240 километрдик жээк тилкесине терс таасирин тийгизүүдө.



Тектеш кабарлар