Трамптын бажы салыгы боюнча маалымдоосу

Дональд Трамп, бажы салыктары туурасында маалымат берди.

1026594
Трамптын бажы салыгы боюнча маалымдоосу

АКШнын президенти Дональд Трамп, бажы тарифине туш болгусу келбегендердин товарларын АКШда өндүрүп чыгарышы керектигин айтты.

Дональд Трамп, бажы салыктары туурасында маалымат берди.

Трамп, Твиттер барагынан бөлүшкөн маалыматында, «Бажы тарифтери эң жогорку деңгээлде иштеп жатат. Дүйнөдөгү ар бир өлкө АКШдан капитал алып чыккысы келет, бул жалаң бизге зыян тийгизүүдө. Эгерде салыкка туш болууну каалашпаса анда товарларын АКШда жасап чыгарышсын»,-деп жазды.

Трамп: «Бажы тарифтери аркылуу көбү (мурдагы АКШ президенти Барак) Обама мезгилинде арткан 21 триллион доллардык карызды да төлөй баштайбыз жана ошол эле убакта элибиз үчүн салыктарды төмөндөтөбүз. Эң жок дегенде өлкөбүз үчүн дагы жакшы соода келишимдерин түзөбүз»,деген серебин салды.

АКШнын соода өкүлү Роберт Лайтхизер, шаршемби күнкү маалыматында Трамптын Кытайга киргизиле турган 10 пайыздык бажы тарифи катышынын 25 пайызга чыгарылышы буйругун бергенин маалымдаган.

Буга каршы Пекин өкмөтү, жума күнү 60 миллиард доллардык Америка товарына 4 баскычтуу салык киргизе турганын жарыялаган.

АКШнын мамлекеттик карызы 21 триллион 305 миллиард доллар деңгээлинде турат.



Тектеш кабарлар