Сочидеги Сирия тууралуу жыйналышта туткундардын айрымдарынын эркин кое берилиши боюнча макулдашылды

Асад режими жана оппозициячылдар эки жакта туткунга түшкөн кишилердин бир бөлүмүнүн эркин кое берилиши темасында макулдашышты.

1023145
Сочидеги Сирия тууралуу жыйналышта туткундардын айрымдарынын эркин кое берилиши боюнча макулдашылды

Орусиянын Сочи шаарында Түркия, Орусия жана Ирандын делегациялары жана Асад режими менен оппозициячылдардын өкүлдөрү Сирия темалуу 10-Кепилдер жыйналышын  өткөрүүдө.

Асад режими жана оппозициячылдар эки жакта туткунга түшкөн кишилердин бир бөлүмүнүн эркин кое берилиши темасында макулдашышты.

Жыйналышка катышкан булактардан алынган маалыматка караганда Астана келишимдеринин алкагында түзүлгөн туткунга түшкөндөр боюнча жумушчу тобунун кечээки төртүнчү жыйналышында Түркия, Орусия жана Иран «пилот долбоор» деп атаган макулдашууга жетишишти.

Тараптар режим жана оппозициянын колундагы аз сандаган туткундун эки тараптуу түрдө эркин кое берилиши үчүн макулдашты.

Коопсуздукту арттыруучу чара көрүүлөрдүн алкагында ишке ашырыла турган айырбаштоонун канча кишиден тураары, кайсы жерде болоору азырынча тактала элек.

Буга кошумча кепил өлкөлөрдүн бүгүнкү негизги жыйналышын алдындагы үчтүк жолугушуусу да аяктады.

Жолугушуунун күн тартибин Идлиб чыңалууну азайтуу аймагындагы акыркы абал, качкындардын артка кайтышы, туткундардын экин кое берилиши жана Конституция комитетинин иштери түздү.

Бүгүнкү отурумдардын БУУнун Сириядагы атайын өкүлү Стаффан де Мистуранын үч кепил өлкө менен Контситиуция комитети темасында ишке ашыра турган расмий эмес жыйналыш менен башталышы пландалууда.

Бардык тараптар катыша турган жыйналыш кечинде өтөт.



Тектеш кабарлар