Сочиде Сирия темалуу жыйналыш өтүүдө

Орусиянын Сочи шаарында эртең өтө турган Сирия темалуу 10-Кепилдер жыйналышынын алдында техникалык сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

1022341
Сочиде Сирия темалуу жыйналыш өтүүдө

Түркия, Орусия жана Ирандын делегациялары Орусиянын Сочи шаарында эртең өтө турган Сирия темалуу 10-Кепилдер жыйналышынын алдында техникалык сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин Идлиб чыңалууну азайтуу аймагындагы акыркы абал, качкындардын кайтуусу, туткундагылардын эркин кое берилиши жана Конституция комитетинин иштери түзөт.

Бириккен Улуттар Уюму жана Иорданиядан делегациялар байкоочу катары орун алган жолугушууга, АКШ акыркы Астана жолугушуусунда болгону сыяктуу бул ирет дагы өкүл жөнөткөн жок.

Аскердик оппозициянын делегациясын Сириянын мурдагы убактылуу өкмөт башчысы Ахмет Тума, Асад режимин болсо БУУдагы туруктуу өкүлү Башар Жафери өкүлдүк кылууда.

14-15-май күндөрүндөгү акыркы Астана жыйналышында тараптар Чыңалууну азайтуу аймактары жана ок атышпоо режиминин корголушу боюнча макулдашышкан болчу.

Бирок Асад режими жана анын колдоочулары Чыгыш Гутадан кийин Хомс жана түштүк жагындагы (Дера, Кунейтра) Чыңалууну азайтуу аймактарына кол салып басып алды.

Башар Асад, 27-июлда Орус ТАСС маалымат агенттигине берген маалыматында, «Идлибдиктер багынып беришет же болбосо өлөт» деп айтып, өлкөнүн бир топ жериндеги Асад күчтөрүнүн кол салууларынан качып Идлибге баш калкалаган жүз миңдеген жаранды коркуткан эле.

Асад режими, өткөн аптада Идлибдин түштүк батышындагы Чыңалууну азайтуу аймагынын ичинде орун алган Түркмөндагына кол салыш үчүн аскердик топтолууну баштаган.

Бул абалдардын себебинен Түрк куралдуу күчтөрүнүн Астана келишимдеринин алкагында 2017-жылдын октябрынан бери ок атышпоону байкоо миссиясын жүргүзгөн Идлиб, кепилдердин күн тартибинде маанилүү орунду ээлейт.

Түрк делегациясынын аймакта ок атышпоонун корголушу темасындагы чечкиндүүлүгүн баса белгилөөсү күтүлүүдө.

Бир тараптан Орусиянын үстөлгө алгач ирет качкындардын жана жеринен ажырагандардын артка кайтуусу темасын алып келе тургандары көздөлүүдө.

Акыркы жыйналышты өткөн айда Анкарада өткөргөн Туткунга түшкөндөр боюнча жумушчу тобунун да бүгүн 4-жолу жолугушуусу пландалууда.

БУУнун делегациясы да катыша турган жыйналышта, туткунга түшкөндөрдүн эркин кое берилиши үчүн эрежелер боюнча сүйлөшүүнүн улантылышы, Түркия делегациясынын так жылыш болушу үчүн күчтүү билдирүүлөрдү айтышы күтүлүүдө.

Кепилдер жыйналышынын алгачкы тогузу Казакстандын борбор калаасы Астанада өткөн.

Сочиде Астана форматында боло турган жыйналыштын бүгүн экилик жана үчтүк жолугушуулар менен уланышы, бардык тараптар катыша турган негизги жыйналыштын эртең өткөрүлүшү пландалууда.



Тектеш кабарлар