Армениянын мурунку президентин камоо чечими чыкты

Кочаряндын адвокаты Рубен Саакян соттун чечимине нааразычылык билдирерин белгиледи.

1021429
Армениянын мурунку президентин камоо чечими чыкты

Арменияда Ереван мыйзамдык соту мурунку президент Роберт Кочарян тууралуу камоо чечимин чыгарды. Жергиликтүү басма сөз маалыматынын билдиргенине караганда 2008 -  жылы болгон митинг менен байланыштуу «конституциялык тартипти бузуу» деген күнөлөө менен Кочарян тууралуу эки ай камоо чечими чыгарылды.

Кочаряндын адвокаты Рубен Саакян соттун чечимине нааразычылык билдирерин белгиледи.

Армениянын атайын териштирүү кызматы 2008 -  жылы конституциялык тартипти бузуу күнөлөөсү менен алдына алуучу чара катары 1998 – 2008 – жылдардын ортосунда Арменияда президенттик кызматын аткарган Кочаряндын камалуусу максатында сотко кайрылган.

2008 -  жылы өлкөсүндө чыккан окуялардан улуам жуманин ичинде полицияга сурак берген Кочарян болсо күнөлөөнү кабыл алган жок, өзүнө саясий кысым жасалып жаткандыгын жактаган.

Арменияда 2008 -  жылы болгон президенттик шайлоого нааразычылык билдирүү менен митингдер өткөрүлгөн. 2008 -  жылы 1 -  мартта чыккан окуяларда да 10 киши каза болуп, алардын ичинен экөөсү полиция болгон.

 

 

 



Тектеш кабарлар