Ак үйдөн Путиндин чакыруусуна жооп

Орусиянын Президенти Путин : «Трампты Москвага чакырууга даярбыз. Бул чакырууну ансыз деле алды. Мен айттым»,- деген.

1021257
Ак үйдөн Путиндин чакыруусуна жооп

АКШнын Президенти Дональд Трамптын расмий чакыруу ала турган болсо Орусиянын борбор шаары Москвага барууга даяр экендиги белгиленди. Бул билдирүү Бразилия  -  Орусия -  Индия -  Кытай -  Түштүк Африка (BRICS) өлкөлөр группасынын Түштүк Африканын борбор шаары Йоханнесбургдагы саммитинде сөз сүйлөгөн Путиндин Трампты Москвага чакыргандыгын билдиргенден кийин келди.

Ак үйдүн катчысы Сарах Сандерс маалыматында : «Президент Трамп Президент Путинди алдыдагы жаңы жылдан кийин Вашингтондо тосуп алууну күтүп жатат жана расмий чакыруу келе турган болсо Москвага барууга ачык»,- деди.

Орусиянын Президенти Путин : «Трампты Москвага чакырууга даярбыз. Бул чакырууну ансыз деле алды. Мен айттым»,- деген.

АКШнын коргоо министри Жим Маттис да Путиндин Трампты Москвага чакыргандыгына байланыштуу ядролук куралдар бири бирине карап турган кезде да президенттердин жолугушкандыгын эске салып эки мамлекеттин президентинин жолугушуусун колдой тургандыгын билдирди.

Эки өлкө лидеринин бири бири менен жолугушуусунун абдан маанилүү экендигин белгилеген Маттис АКШнын өзгөчө да келишпестиктери болгон өлкө лидерлери менен жолугушуусунун дагы да мааниге ээ болгондугун белгиледи. Министр Маттис орус кесиптеши менен да жолугушууну ойлогондугун бирок азыркы учурда жолугушуу планынын болбогондугун айтты.

Жуманын ичинде Ак үйдө Улуттук Коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон да Трамп менен Путиндин ортосунда кийинки жолугушуунун Орусиянын АКШ президенттик шайлоосуна аралашты деген ойлорго байланыштуу териштирүү жыйынтыкталгандан кийин өтүшү мүмкүн экендигин белгилеген.

Финландиянын борбор шаары Хельсинкиде Трамптын Путин менен жолугушкандан кийин кеңешчиси Болтонго Путинди Вашингтонго чакыруу жолдомосун бергендиги билдирилген.



Тектеш кабарлар