Калифорниядагы өрт текшерүү астына алына албай жатат

Өрттөрдү өчүрүү иштерине катышкан 1 бульдезер оператору каза болуп, 3 өрт өчүргүч жараланды.

1021093
Калифорниядагы өрт текшерүү астына алына албай жатат

АКШнын Калифорния  аймагында текшерүүгө алына албаган өрттөрдү өчүрүү иштерине катышкан 1 бульдезер оператору каза болуп, 3 өрт өчүргүч жараланды.

Калифорния өрт өчүргүчүнүн катчысы Скотт Маклеан Шаста аймагындагы бадалдуу аянттан чыккан өрттү өчүрүү иштерине катышкан бульдезер операторунун сөөгүнүн табылгандыгын белгиледи.

Өрттө 3 өрт өчүргүчтүн да жаралангандыгын айткан Маклеан : «Өрт жолуна чыккан бардык нерсени жок кылып жатат»,- деди.

Маклеан өрттүн Шаста, Кесвик жана 90 миңден ашуун киши жашаган Реддинг аймагынын батышын таасири астына алгандыгын жана көп санда үйдүн зыян тарткандыгын белгиледи.

Дүйөмбү күнү башталган өрттүн 115 километр квадраттык аянтты таасир астына алгандыгы белгиленди. Бир тараптан СННдин кабарына караганда Риверсайда аймагындагы Бернардино улуттук токоюнда шаршемби күнү чыккан жана 30 километр квадраттык аянтты таасири астына алган өрттүн беш пайызы гана текшерүүгө алынды.

Калифорния губернатору Жерри Броун Шаста жана Риверсайда аймактарында чукул абал жарыялады.



Тектеш кабарлар