Иракта 282 активист эркин койо берилди

Ирактын түштүгүндөгү шаарларда айдын башында өткөрүлгөн митингдерде камоого алынган 282 активист эркин койо берилди

1019920
Иракта 282 активист эркин койо берилди

Ирактын түштүгүндөгү шаарларда айдын башында өткөрүлгөн митингдерде камоого алынган 282 активист эркин койо берилди.

Ирак адам укуктарынын жогорку комиссарлыгынын мүчөсү Фадил ел  - Гарави Мейсан шаарындагы митингдерде камоого алынган 239 кишиден 237синин, Зикарда 33 жана Кербелада да 12 кишинин эркин койо берилгендигин айтты.

Комиссарлык андан мурда да Васыт шаарында камоого алынган 176 кишинин эркин койо берилгендигин билдирген болчу.

Ирак мекмелеринен бул тууралуу эч бир маалымат берилген жок. Өлкөнүн түштүк аймактарында жумушсуздук маселелери менен башталган митингдер электр үзгүлтүгү менен дагы да күч алган.

Басра, Мусенна, Зикар, Мейсан жана Нежефтен кыска убакыттан кийин 14 -  июлда митингдер борбор шаар Багдатка да өткөн.



Тектеш кабарлар