Суданда жааган жамгырда 3 киши каза тапты

Катуу жамгыр жаашы менен болгон селде 3 кишинин дайынсыз жоголгондугу, миң 500 турак жай менен коомдук мекемелер жана шаар базарынын зыян тарткандыгы билдирилди.

1018950
Суданда жааган жамгырда 3 киши каза тапты

Суданда эки күндөн бери жаап жаткан катуу жамгыр алып келген селде 3 киши каза тапты.

Судан маалымат агенттиги SUNA мамлекеттик коопсуздук жана чукул абалдар комитетинин берген кабарына карата жалпы өлкөдө эки күндөн бери жаап жаткан катуу жамгырдын күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийизгендиги белгиленди.

Катуу жамгыр жаашы менен болгон селде 3 кишинин дайынсыз жоголгондугу белгиленип, 2 миң 500 турак жай менен коомдук мекемелер жана шаар базарынын зыян тарткандыгы билдирилди.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы директору, доктор Юсуф Ребих Мекки бул тууралуу жалпы өлкөдө катуу жамгыр жаашы менен пайда болгон шарттардын каралып чыккандыгын айтты. Мекки чукул абал тууралуу бардык мекемелердин аракетке өткөндүгүнө көңүлдөрдү буруп : «Жамгырдан эң көп таасирленген Кордован аймагында чукул түрдө кийлигишүү тобу курулду. Адамдардын баш калкалоо жана тамак  - аш муктаждыктары камсыздалууда. Өзгөчө ооруларга карата медициналык каражат жана дары  - дармек аймакка жиберилүүдө»,- деди.



Тектеш кабарлар