Европа Биримдиги Түркиядагы сириялыктар үчүн 400 миллион евролук программаны бекитти

Долбоордун максаты эмне?

1019394
Европа Биримдиги Түркиядагы сириялыктар үчүн 400 миллион евролук программаны бекитти

Европа Биримдиги Түркиядагы сириялык баш калкалоочулардын билим алуусуна колдоо көрсөтө турган 400 миллион евролук программаны бекитти.

Бул программа сириялык баш калкалоочуларга карай учурдагы билим берүү долбоорунун уланышын камсыздайт.

Долбоордо сириялыктарга түрк тилинин үйрөтүлүшү жана коомдук ынтымактын өнүктүлүшү максатталууда.

Европа Биримдигинин лидерлери, 29-июнда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн саммитте, Түркиядагы сириялыктар үчүн экинчи 3 миллиард евролук колдоонун берилишине чечим чыгарышкан болчу.

Убада кылынган 3 миллиард евролук колдоонун 2 миллиард евросунун биримдиктин бюджетинен, 1 миллиард евросунун да мүчө өлкөлөрдөн камсыздалышы темасында макулдашуу түзүлгөн эле.

 



Тектеш кабарлар