Бангладеште жер көчкү

Муссон жамгырларынан улам болгон жер көчкүлөрдө 2 бала каза болду.

1019098
Бангладеште жер көчкү

Бангладеште аракандык мусулмандар жашап жаткан лагерлердин жакынында муссон жамгырларынан улам болгон жер көчкүлөрдө 2 бала каза болду.

Жергиликтүү басма сөздө чыккан кабарларга ылайык полиция Кокс Базарды 3 күндөн бери таасири астына алган ашыкча жамгыр жаашы жол ачкан жер күчкүлөрдө аракандык мусулмандар жашап жаткан лагерлердин жакынында төртөөсү бир үй  - бүлөдөн болгон 5 баланын каза болгондугун билдирди.

Каза болгондордун аракандык мусулмандар эмес экендиги белгиленип, жардам мекемелери муссон жамгырлары таасирдүү болгон аймакта апааттын болушу мүмкүн экендиги боюнча эскертти.

БУУнун билдиргенине караганда 2017 -  жылы 25 -  августтан кийин Аркандан качууга мажбур болуп Бангладешке баш калкалагандардын саны 700 миңден ашты.

Эл аралык адам укуктары мекемелери жарыялаган спутник көрүнүштөрү менен жүздөгөн айылдын жок кылынгандыгын далилдеди.

Аракандыктардын жерлерине кайтышы үчүн Мьянма жана Бангладеш өкмөттөрүнүн арасында кол коюлган келишим, жерлеринен кеткендердин абалын документтештирүү мүмкүн болбогондуктан ишке ашыруунун функциясы жок жолууда.

БУУ жана эл аралык адам укуктары уюмдары аракандык мусулмандарга карата күч колдонууну «этникалык тазалык» же «кыргын» деп атоодо.

Бангладешке баш калкалаган аракандык мусулмандар жана адам укуктары уюмдары керектүү коопсуз чөйрө түзбөстөн бул кишилердин Мьянмага кайтууларынын жаңы бир этникалык тазалоо кампаниясына жол ачары боюнча тынчсыздануу жаратууда.

 



Тектеш кабарлар