Йменде 47 миң үй - бүлө үйлөрүн таштап кетти

Үйлөрүн таштап кеткендердин жалпы саны 284 миң 280 деп билдирилди.

1018464
Йменде 47 миң үй  - бүлө үйлөрүн таштап кетти

Йемендин Худейде шаарындагы кагылышуулардан улам 47 миңге жакын үй  - бүлө үйлөрүн таштап кетти.

БУУнун качкындар жогорку комиссарлыгынан берилген маалыматка караганда кагылышуулар башталган өткөн айдын ортолорунан бери Худейдеден 47 миң 380 үй  - бүлө  коңшу аймактарга көчүштү.

Үйлөрүн таштап кеткендердин жалпы саны 284 миң 280 деп билдирилип, көчкөн кишилерге гуманитардык жардамдарды жетирүүгө  аракет кылынгандыгы, бирок коопсуздук кризисинен улам кээ бир аймактарга баруунун мүмкүн эмес экендиги белгиленди.

Маалыматта коопсуздук кризисинен улам аймактагы бир топ саламаттык сактоо борборунун да жабылгандыгы белгиленди.

Йемен өкмөт күчтөрү Худейде шаары жана портун хусилерден алуу үчүн 13 -  июнда Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн колдоосу менен операция баштаган.

 

 



Тектеш кабарлар