Грецияда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Афинага жакын жердеги токой аянттарында чыккан өрттөрдүн отурукташкан аянттарга жайылышынын себебеинен каза тапкандардын саны 60тан ашты.

1018513
Грецияда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды

Грециянын борбор шаары Афинага жакын жердеги токой аянттарында чыккан өрттөрдүн отурукташкан аянттарга жайылышынын себебеинен каза тапкандардын саны 60тан ашты.

Каза болгондордун айрымдарынын үйлөрүндө жана унааларында камалып калганы, айрымдарынын болсо өрттөн качам деп деңизге кирип чөккөндөрү белгиленди.

Өрттө 16сы баладан турган 172 киши да жаракат алды. Жаракат алгандардан 11нин абалы оор экени айтылды.

Жоголгондор боюнча кайрылуулар жасалып дагы деле бир топ кишинин дайыны чыкпай жатышы каза тапкандардын санынын мындан көп болушунан кабар берет.

Жүздөгөн үй жана унааны күлгө айланткан өрттүн себебинен миңдеген киши аймактан чыгарылды.

Өрттөн качып Рафина портуна жеткен жүздөгөн киши, жээк коопсуздук катерлери жана атайын катерлер менен аймактан алыстатылды.

Кечээ түштөн кийин Афинадан 20 чакырым алыстыктагы токойлуу аянтта башталган өрттөр, катуу жана тез багыт алмаштырган шамалдын себебинен ылдам жайылып кеңири аймакты курчады. Рафинага жакын жердеги өрттү орто эсеп менен 200 өрт өчүргүч, көп сандаган ыктыярдуулар жүздөй унаа менен кургактыктан, учак жана тик учактар абадан өчүрүп жатат.

Грециянын Өрт өчүргүчтөр уюмунун жарыясына караганда борбор шаардын 50 чакырым батыш жагындагы Кинета аймагында чыккан берки токой өртүн өчүрүш үчүн 150 өрт өчүргүч жана 74 өрт өчүргүч унаа иштеп жатканы маалымдалды. Бул аймакта чыккан өрттүн себебинен Афинанын асманын түтүн каптады, шаарды Мора жарым аралына кошкон автожол көптөгөн сааттар бою жабылып турду.

Грециянын Парламент төрагасы Никос Воутсистин чечими менен тилсиз жоо алып келген апааттын себебинен парламентте желектер жарымга түшүрүлдү.

Өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.

Өрттөрдүн кеңири аймакка таасир тийгизинин себебинен Өрт өчүргүчтөр уюму менен катар аскердик бөлүктөр да жардамга өттү жана Европанын жарандык коргонуу механизминен жардам талап кылынды.

Испания, Германия, Италия жана Франция дагы арасында болгон көп сандаган өлкө өрт өчүрүч учак жана топторун аймакка жөнөттү.

Афина менен катар Аттика облусунда Өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Босния-Герцеговинада жүргөн Грециянын премьер-министри Ципрас сапарын жарым калтырып шашылыш түрдө Афинага кайтты.

Өзгөчө кырдаал жыйналышында тийиштүү министрлер, бюрократ жана өрт өчүрүч уюмунун жооптуу кызматкерлери тарабынан маалыматтандырылган соң Ципрас, өрттүн өчүрүлүшү үчүн бардык тез жардам командалары аймакка өткөрүлгөнүн айтты жана «Аттиканын чыгышында жана Батышында бир убакта чыккан өрттөр шектентүүдө»,-деди.

Өкмөт катчысы Димитрис Жанакопулос болсо, аймакта бир убакта 15 башка жерде өрт чыкканын, катуу шамалдын болсо өрттү кыска убакыттын ичинде жайып жибергенин айтты.

Өлкөдө 24 сааттын ичинде 47 жерде өрт чыкты.

Афинада Жогорку соттун прокурору өрт тууралуу териштирүү буйругун берди.



Тектеш кабарлар