Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили В. Путиндин маалыматын сынга алды

Георгий Маргвелашвили «НАТО  - Грузия союздаштыгы бул аймакта коопсуздуктун түзүлүшүнө кызмат кылууда жана Орусиянын чек араларында ырааттуулукка салымын кошууда».

1016141
Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили В. Путиндин маалыматын сынга алды

Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили Орусиянын президенти В. Путиндин Украина жана Грузиянын НАТО менен кызматташтык түзүшүнө тескери жооп берери тууралуу маалыматын сынга алып : «НАТО  - Грузия союздаштыгы бул аймакта коопсуздуктун түзүлүшүнө кызмат кылууда жана Орусиянын чек араларында ырааттуулукка салымын кошууда»,- деди.

Тбилиси тарабынан эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын калыбына келтирилишине карата көптөгөн жолу кадам ташталгандыгын жана маселелердин чечилиши үчүн Грузиянын тынчтыкчыл саясатты тандагандыгын баса белгилеген Маргвелашвили кайрадан ишенимдин түзүлүшүнүн, коңшу мамлекеттин жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигинин бузулушу менен болбой тургандыгын белгиледи.

Орусияга эки өлкөнүн ортосунда 2008 -  жылдагы Түштүк Осетия согушунан кийин кол коюлган ок атышпоо келишимине шайкеш келүү жана Грузиянын жеринин бүтүндүгү менен эгемендигине сый көрсөтүлүшүнө чакыруу салган Маргвелашвили мунун эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштар үчүн позитив кадам болорун билдирди.

Маргвалешвили билдирүүсүндө Грузиядан бир тараптуу көз карандызысдыгын жарыялаган  бөлүүчү Абхазия жана Түштүк Осетиядан сүрүлгөн Грузия жарандарына өз үйлөрүнө кайтуулары үчүн мүмкүнчүлүктүн берилиши керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар