Корея согушунда каза болгон Америка аскерлеринин сөөгү тапшырылат

Корея согушунда каза болгон америкалык 5 миң 300 аскерге таандык жаназа калдыктары жакынкы убакта тапшырылат.

1015578
Корея согушунда каза болгон  Америка аскерлеринин сөөгү тапшырылат

Корея согушунда каза болгон америкалык 5 миң 300 аскерге таандык жаназа калдыктары жакынкы убакта тапшырылат.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосунда өткөн айда Сингапурда өткөн саммиттен кийин Корея согушунда каза болгон америкалык аскерлердин сөөктөрүнүн тапшырылары бидирилген.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помео аскерлерге таандык сөөк калдыктарынын бир канча жуманын ичинде тапшырыларын жарыялады.

1950 – 53 -  жылдары Түндүк Корея жна Түштүк Кореянын ортосунда болгон жарандык согуш оболу АКШ жана союздаштарынын андан кийин да Кытай Эл Республикасынын катышуусу менен эл аралык өлчөмгө жеткен.

Согуштан кийин  бир келишим түзүлбөгөндүктөн миңдеген аскердин сөөгү Корея Демократиялык Элдик Республикасында калган. Сөөк калдыктарынын Түштүк Кореядагы БУУнун командирлигине , ал жерден Гаваидеги аба базасына алып барылары белгиленди.

Түндүк Корея жана АКШнын ортосундагы тарыхый саммитте кол коюлган күбөлүгү белгиленген аскерлердин сөөгүнүн өлкөлөрүнө тапшырылышына байланыштуу келишимден кийин Түркия да аракетке өттү.

Шейиттердин сөөктүрүнүн такталышынан кийин 300 аскердин сөөгүнүн Түркияга тапшырылары болжолдолууда.



Тектеш кабарлар