Түркия Иорданияга илхам булагы болду
Иорданиялык депутаттар премьер - министр Өмер ер - Реззазга «Түркиядан үлгү ал»,- деген чакыруу салышты.
Иорданияда депутаттар өкмөттүн министрлик программасын сүйлөшүү үчүн өткөрүлгөн парламенттеги отурумдарында сөз сүйлөштү.
Министрлик санынын ашыкча экендигин сынга алган депутаттар бул тууралуу Түркиядан үлгү алынышы керектигин белгилешти.
Депутат Кемал ез - Загул : «Премьер - министр Өмер ер - Реззанын Түркияга сапар менен келип президент Р. Т. Эрдоганды ийгилиги менен куттуктап, 16 министрликтен турган бир өкмөт куруусунан үлгү алышын ойлоп жатабыз»,- деди.
Загул Иордания өкмөтүнүн Дүйнөлүк банк менен болуп жаткан кыйынчылыктарга да көңүлдөрдү буруп, премьер - министр Реззаздын Түркиянын эл аралык финансы мекемелерине кандайча карыз бере ала турган деңгээлге келгендигин үйрөнүүгө аракет кылышын күткөндүгүн белгиледи.
Башка бир депутат болсо Түркиянын 16 министрлик менен 80 миллион калктын ишин жүргүзгөн бир өкмөт кургандыгына көңүлдөрдү бурду.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.