Францияда качкындарга жардам берген 4 киши камоого алынды

Франциянын Бриансон шаарында мыйзам тышы качкындардын өлкөгө киришине мүмкүнчүлүк түзүп жана жардам берди деген негиз менен 4 киши камоого алынды.

1014811
Францияда качкындарга жардам берген 4 киши камоого алынды

Франциянын Бриансон шаарында мыйзам тышы качкындардын өлкөгө киришине мүмкүнчүлүк түзүп жана жардам берди деген негиз менен 4 киши камоого алынды.  

«Le Figaro» гезитинде орун алган кабарга караганда баш калкалоочулар ичинде болгон жаман шарттарга каршы чыгуу максатында 22 -  апрелде Италия чек арасында уюштурулган жүрүшкө катышкандарга карата териштирүүнүн негизинде 4 киши тууралуу камоо чечими чыгарылды.

Гуманитардык жардам берүү ишин алып барган кээ бир коомдордун кызматкерлери Конституциялык соттун чечимине тескери деген негиз менен 4 кишинин камоого алынышына каршы Бриансон жандармерия командирлигинин алдында митингге чыгышты.

Франциянын конституциялык соту 10 күн мурда баш калкалоочуларды мыйзамсыз жолдор менен чек арадан өткөргөндүгү үчүн 4 ай абак жазасына тартылган француз дыйкан Седрик Геррунун «тилектештик» принцибинин негизинде  соттоло албай тургандыгына өкүм чыгарган болчу. Соттун бул чечимине караганда тилектештик принциби боюнча мыйзам тышы баш калкалоочуларга жардам берген кишилер соттоло албайт.

Италиядан Францияга өтүү жери болгон Роя аймагында жашаган 38 жаштагы Герру тууралуу баш калкалоочулардын аймактан өтүшүндө жана Францияда жашоосуна жардам берди деген негиз менен ачылган доо өлкөнүн коомдук пикиринде чоң жаңырык жаратты.

Өткөн жылы баш калкалоочулардын чек арадан өтүшүнө жардам берген жана 50гө жакын эритреялыкты мамлекеттик темир жолдоруна таандык эски бир имаратка жайгаштырып мыйзамды бузуу менен күнөөлөнгөн Герру прокурордун күнөөлөсүн кабыл алган эмес.

Герру : «Ооба качкындарга жардам бердим себеби ал кишилердин маселелери бар эле. Ооба муну аткардым себеби жардам беришим керек болчу. Адамдар авто жолунда өлүп жаткан. Кыйналган үй  - бүлөлөр бар эле. Чек араларга чек коюлган бирок жыйынтыктары менен алектене албаган мамлекет бар»,- деген.

Сот өткөн жылы жай мезгилинде «тилектештик» кылмышынан соттолгон Геррунун 4 ай абак жазасына тартылышына чечим чыгарган. Февраль айында болсо сот мыйзам тышы качкындарга жардам берди деген негиз менен Герруго 3 миң евро абак жазасын берген.



Тектеш кабарлар