Кувейт Йемендеги балдарга жардам көрсөтөт

Кувейт Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы балдар үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттерге эң көп колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн бири болуп саналат.

1013917
Кувейт Йемендеги балдарга жардам көрсөтөт

Кувейт Йемендеги балдар үчүн 59 миллион долларлык жардам көрсөтөт.

БУУнун Балдарга жардам фондунун билдирүүсүндө, Кувейттин жардамынын Йемендеги муктаждыгы бар балдар үчүн жумшала тургандыгы белгиленди.

Билдирүүдө бул жардамдын холера сыяктуу оорулардан коргонуу жана балдардын билим алуусу, суу, канализация жана тамак-аштары сыяктуу муктаждыктарында колдонула турганы маалымдалды.

Кувейттин 2013-жылдан бери ЮНИСЕФке 200 миллион доллардан ашуун жардам көрсөткөндүгү белгиленген билдирүүдө, ушундайча фонддун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы балдар үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттерине эң көп колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн бири экенине көңүл бурулду.

 



Тектеш кабарлар