АКШнын эң мыкты президенти ким?
АКШда сурамжылоо өткөрүлдү.
АКШнын эң мыкты президенти Барак Обама болду.
АКШлык «Pew Research Center» аттуу ой-пикир мекемесинин өлкөнүн жалпысында жүргүзгөн сурамжылоосуна караганда, америкалыктар мурунку президент Барак Обаманын ишин эң мыкты аткаргандыгын ойлошот.
Буга караганда америкалыктардын 44 пайызы, кара-ак расадагы эки улутка кызмат кылган Обаманын АКШнын эң мыкты президенти экенин айтышты.
Сурамжылоого караганда Билл Клинтон 33 пайыз менен экинчи орунду ээлесе, Рональд Рейган 32 пайыз менен үчүнчү болду.
5-12-июнь күндөрүнүн аралыгында, жөнөкөй телефон жана уюлдук телефон аркылуу 2 миңден ашуун киши менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде жүргүзүлгөн сурамжылоодо АКШнын президенти Дональд Трамп болсо акыркы болду.
Трамп эң уюлдаштыруучу президент катары эсептелүүдө.