200 миллион жылдык динозавр фосили табылды

Аргентинада эң аз 200 миллион жыл мурункусуна таандык экендиги болжолдолгон чоң динозавр фосили табылды.

1010424
200 миллион жылдык динозавр фосили табылды

 Аргентинада эң аз 200 миллион жыл мурункусуна таандык экендиги болжолдолгон чоң динозавр фосили табылды.

«Табият экологиясы жана эвалюциясы» журналынын билдиргенине караганда Аргентинада изилдөө жүргүзгөн археологдор 201 жана  237 миллион жыл мурункусуна таандык  экендиги болжолдолгон чоң динозавр фосилин тапты.

"Ingentia prima" деп аталган динозавр түрүнө таандык экендиги белгиленген фосилдин бийиктигинин 4 метр, узундугунун болсо 10 метр экендиги билдирилди.

Изилдөөгө катышкан Аргентинанын Сан-Хуана улуттук университетинен Сесилия Апалдетти : «Илимпоздор ушул кезге чейин чоң динозаврлардын 180 миллион жыл мурда дүйнөдө жашагандыгына ишенишкен бирок бул табылга динозаврлардын болжолдолгон жылдардан дагы мурда жашагандарын белгилеп жатат»,- деп билдирди.

Фосили табылган түрдүн узун мойну жана куйруктары болгон "Brachiosaurus" жана "Diplodocus" сыяктуу чоң динозаврлардын атасы экендиги болжолдолууда.



Тектеш кабарлар