Кытай, Индия жана Пуэрто-Рикодо аба-ырайы

Туруксуз аба-ырайы шашоого терс таасирин тийгизүүдө.

1009530
Кытай, Индия жана Пуэрто-Рикодо аба-ырайы

Кытай менен Индияда муссон жамгырлары таасирдүү болуп жатат.

Пуэрто-Рикону «Берил» шамалы уруп өттү.

Кытайдын түштүк-батышында жана чыгышында таасирдүү болгон жамгырлардын айынан сел жүрүп айрым аймактарда электр жарыктарынын берилбешине себепчи болсо, транспорт каттамдарынын токтошуна алып келди.

Жамгырлардан таасирленген элет жерлери болсо чоң зыянга учурады.

Индиянын Мумбай шаарында 3 күндөн бери жаап жаткан муссон жамгырларынын айынан сел жүрүп мектептер эс алууга чыкты.

Шаардын борборундагы темир жол каттамдары үзгүлтүккө учурап жатат.

Муссон жамгырларынын аймакта дагы 4 күн таасирдүү болоору күтүлүүдө.

Пуэрто-Рикодо болсо «Берил» борошосунун себебинен нөшөрлөп жааган жамгыр жана катуу шамал 200 миң кишинин жарыксыз калышына алып келди.

 



Тектеш кабарлар