Марокко жээктеринде 45 бозгундун сөөгү табылды

45 киши Испанияга бара жаткан.

1008648
Марокко жээктеринде 45 бозгундун сөөгү табылды

Марокконун Танжер шаарынын жээктеринде, Испанияга мыйзамсыз жолдор менен бара жатканда деңизде сууга чөгүп каза тапкан 45 бозгундун сөөгү табылды.

Танжер губернаторлугунун билдирүүсүнө караганда, шаардын Аль-Араиш районунун жээктеринде сөөктөр көрүнгөнүнө байланыштуу тийиштүү органдарга кабар жеткерилгендиги боюнча кызматкерлер бул жерге барышты.

Ар кайсы Африка өлкөлөрүнөн 7си аял 45 кишинин сөөгүнүн табылгандыгын билдирген маалымат булактары, бул кишилердин Мароккодон Испанияга бара жатканда резина кайыктарынын чөгүп кетишинин себебинен көз жумгандарын белгилешти.

Эл аралык миграция уюмунун айдын башында жарыялаган билдирүүсүндө, жылдын башынан бери Жер ортолук деңиздин сууларында миңден ашуун бозгундун сууга чөгүп каза тапканы маалымдалган болчу.

 



Тектеш кабарлар