Израиль аскерлери бир палестиналыкты шейит кылышты

Ебу Халиме менен Газа чек арасындагы кыймылдар башталган 30 -  марттан бери каза болгондордун саны 137ге жетти.

1007860
Израиль аскерлери бир палестиналыкты шейит кылышты

Израиль аскерлеринин Газа тилкесинин чек арасындагы «Улуу жүрүш» иш чарасынын алкагында уюштурулган тынчтык митингдерине кийлигишүүсүндө бир палестиналык шейит болду.

Газадагы Палестина саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Ешреф ел  -  Кудра берген жазуу түрүндөгү маалыматында Газанын чыгышындагы Ес  - Садр аймагында Израиль аскерлеринин ок атуусу менен 22 жаштагы палестиналык Мухаммед Жемал Ебу Халименин шейит болгондугун белгиледи.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта болсо Газанын чыгыш чек арасынан өтүүгө аракет кылган палестиналык жаштарга оор куралдар менен ок атылгандыгы билдирилди. Маалыматта Израиль аскерлеринин Газа тарабынан өтүүгө тоскоол болунгандыгы белгиленди.

Ебу Халиме менен Газа чек арасындагы кыймылдар башталган 30 -  марттан бери каза болгондордун саны 137ге жетти.

Палестина саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Кудра андан мурда Израиль аскерлеринин Газанын чыгыш чек арасында митингге чыккан палестиналыктарга кийлигишүүсүндө араларында газдан таасирленгендер да болгон 146 палестиналыктын жаралангандыгын, жаралуулардан 24 кишинин чыныгы ок менен атылгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар