АКШда токой өртүндө бир киши каза болду

АКШнын батышында Калифорния, Юта жана Колорадо аймактарында чыккан токой өрттөрүндө Калифорния – Орегон чек арасында бир киши каза болду.

1007868
АКШда токой өртүндө бир киши каза болду

Калифорния токой чарбачылыгы жана өрттү алдына алуу мекемесинин катчысы Сюзи Бреди Орегон чек арасында кечээ чыккан өрттө бир кишинин каза болгондугун айтты. Бреди өрттүн Орегон чек арасынын 22 километр түштүгүндө Хорнбук кыштагында 300 үйдү коркуткандыгын белгиледи.

Калифорния, Юта жана Колорадо аймактарында токой өрттөрү барган сайын аянтын кеңейтип баратат.

Аймактагы өрттүн шамал, жогорку ысыктык жана кургакчылыктан улам текшерүүгө алууну кыйын экендиги белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар