Малиде 24 киши президеттик үчүн ат салышат

Батыш Африка өлкөсү Малиде 29 -  июлда боло турган президенттик шайлоодо 24 киши жарышат.

1006435
Малиде 24 киши президеттик үчүн ат салышат

Батыш Африка өлкөсү Малиде 29 -  июлда боло турган президенттик шайлоодо 24 киши жарышат. Конституциялык сот президенттик шайлоо үчүн кайрылгандардын 24түн кабыл алды.

Шайлоодо жарыша турган талапкерлердин арасында Малинин президенти Ибрахим Бубажар Кеита оппозициянын лидери Сумайла Сиссе мурунку премьер  - министри жана НАСАнын мурунку кызматкери Чик Модибо Диарра менен мурунку өкмөттөн бир канча министр да бар.

Жарандык коом мекмелеринин өкүлү жана адам укуктары активисти Дженбуу Ндиай Канте да шайлоодо бир гана аял талапкер болду. Конституциялык  сот 30 -  июнда досьелеринде кемчилик бар деген негиз менен 7 кишинин кайрылуусун четке кагып жана 17 кишинин аты болгон тизмени жарыялаган.

8 кишинин досьелериндеги кемчиликтерди толуктагандан кийин талапкерликтери кабыл алынды. Ошол эле учурда сурамжылоолор шайлоонун экинчи турга каларын көрсөтүүдө.



Тектеш кабарлар