Египетте 241 киши террор тизмесине алынды
Египетте 241 киши «террордук уюм ДЕАШка мүчө болуу» жана «күч колдонуу» менен айыпталып террордук тизмеге алынды.
Египетте 241 киши «террордук уюм ДЕАШка мүчө болуу» жана «күч колдонуу» менен айыпталып террордук тизмеге алынды.
Расмий гезитте жарыяланган кабарга караганда Каир жаза соту ДЕАШка караштуу «Сина аймагы» уюмуна мүчө болуу жана Түндүк Синада коопсуздук күчтөрүнө кол салуу же жардам берүү кылмышы менен 241 кишини 5 жылдык мөөнөт менен террордук тизмеге алды.
Айыпталуучулар «коомдук мекемелерге куралдуу күчтөргө жана полиция кызматкерлерине карата кол салууларга, террордук окуяларга аралашуу» сыяктуу кылмыштар менен күнөөлөнүүдө.
Расмий гезитте жарыяланышынан кийин 60 күндүн ичинде бул чечим тууралуу даттануу жолунун ачык экендиги белгиленүүдө.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат
Израилдин Газа тилкесине 427 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.