Таиландда жоголгон футболдук команда табылды

Спортсмендердин ден соолугунун жакшы экендиги билдирилди.

1004554
Таиландда жоголгон футболдук команда табылды

Таиландда суу баскан бир үңкүрдө 9 күн калган 12 бала менен тренери табылды. Спортсмендердин ден соолугунун жакшы экендиги билдирилди.

«Жапайы доңуз» аттуу футболдук команданын мүчөсү болгон 11 – 16  жаш арасындагы 12 эркек бала менен тренер жардамчысын 9 күндөн кийин табышты.

Команда 23 -  июнда Tham Luang Nang Non үңкүрлөр системасына кирген балдар көпкө созулган аракеттин натыйжасында табылды.

Караңгы  туннелдерде жоголгон жана жамгырдын жаашы менен суу баскан үңкүрлөрдө калган балдар үчүн Таиланд деңиз флотунун атайын күчтөрү менен АКШ, Англия, Австралия жана Кытайдан адистер катышкан эл аралык операция жүргүзүлдү.

 



Тектеш кабарлар