Нигерияда холерадан бир жумада 11 киши каза болду

Катсина аймактык коомдун саламаттык сактоо директору Мариату Усман аймактарда акысыз дарылоонун башталгандыгын айтты.

1004954
Нигерияда холерадан бир жумада 11 киши каза болду

Батыш Африка өлкөсү Нигериянын Катсина аймагында холера эпидемиясынан бир жумада 11 киши каза болду.

Катсина аймактык коомдун саламаттык сактоо директору Мариату Усман журналисттерге берген маалыматта аймакка караштуу Фунтуа жана Кусада райондорунда акыркы бир жумада 11 кишинин каза болгондугун белгиледи.

Аймакка караштуу 6 аймакта акыркы 4 күндө 132 орулуунун такталгандыгын айткан Усман эпидемия чыккан аймактарда акысыз дарылоонун башталгандыгын айтты. Өлкөдө акыркы эки айда 426 холера оорулуусу такталып, 56 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар