Балиде Агунг жанар тоосунда жарылуу болду

Атырылган күл жана тумандардын 2 миң метрдик бийиктикке чыккандыгы билдирилди.

1004948
Балиде Агунг жанар тоосунда жарылуу болду

Индонезиянын Бали аралындагы Агунг жанар тоосунда болгон жарылуулардан улам 1156 киши коопсуз аймактарга эвакуацияланды.

Эвакуациялангандардын негизги муктаждыктары камсыз кылынууга аракет кылынды. Эвакуациялангандардын санында дагы да өсүүнүн болушу мүмкүн экендиги билдирилди.

Балидеги "I Gusti Ngurah Rai" аэропортунун жетекчилери азырк учур үчүн каттамдарда кандайдыр бир кемчиликтин болбогондугун жарыялады.

Аралдын батышындагы Банюванги аймагынын жетекчилери жанар тоодогу кыймылдуулуктан улам 8 миң кишиге маска таркатышкандарын билдирди жана элди жанар тоого 4 километрдик алыстыктагы жерлерде болбоо боюнча эскертти.

Индонезиянын Вулконология жана геологиялык апаатты азайтуу борбору (PVMBG) кечээ кечинде болгон жарылууда жанар тоодон атырылган күл жана тумандын 2 миң метрдик бийиктикке чыккандыгын жана лавалардын жанар тоонун тегерегинде кенен аянтка жайылгандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар