Путин менен Трамптын кайда жана качан жолугушары белгилүү болду

Орусиянын президенти В. Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп  16 -  июль күнү Финландиянын борбор шаары Хельсинкиде жолугушат.

1001965
Путин менен Трамптын кайда жана качан жолугушары белгилүү болду

  Орусиянын президенти В. Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп  16 -  июль күнү Финландиянын борбор шаары Хельсинкиде жолугушат.

Кремлден берилген маалыматта Орусиянын президенти  В. Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын 16 -  июлда Финландиянын борбор шаары Хельсинкиде жолугушарын билдирди.

Маалыматта : «Орусиянын президенти В. Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын 16 -  июлда Хельсинкиде жолугушуу боюнча келишилди»,- деп билдирилди.

Маалыматка караганда тараптардын жолугушууда эки тараптуу карым  - катнаштардын абалы жана келечеги менен эл аралык күн тартиптеги темалардын каралышы күтүлүүдө.

Жолугушуу өткөрүлө турган болсо эки лидердин кандайдыр бир саммиттен көз карандысыз түрдө өткөрө турган биринчи толук форматтагы жолугушуу болот.

Путин менен Трамп 1 жыл мурда Гамбургда чоң жыйырмалардын негизинде жолугушуп, 2017 -  жылдын ноябрь айында да Вьетнамда кыска убакытка сүйлөшүшкөн.

Бул жолугушуу өзгөчө Путиндин  18 -  марттагы шайлоо жеңишинен кийинки жаңы президенттик мезгилинде Трамп менен өткөрө турган алгычкы жолугушуу болот.



Тектеш кабарлар