Дүйнөдө 6 миллион ооган качкыны бар

Кабулда Дүйнөлүк качкындар күнүнөн улам азем өткөрүлдү.

995746
Дүйнөдө 6 миллион ооган качкыны бар

Ооганстандын миграция боюнча министри Сайед Алими Белхи, дүйнөдө орто эсеп менен 6 миллион ооган баш калкалоочунун бар экенин айтты.

Белхи борбор шаар Кабулда «Дүйнөлүк качкындар күнүнөн» улам өткөрүлгөн аземдеги сөз сүйлөөсүндө: «Акыркы 17 жылдын ичинде 8 миллион ооган качкыны өлкөгө кайтып келди»,-деди.

Эң көп ооган качкынын кабыл алган өлкөлөрдүн Иран менен Пакистан экенин айткан Сайед Белхи, Иранда 2 миллион 450 миң, Пакистанда да орто эсеп менен 2,5 миллион ооганстандык баш калкалоочунун жашаганын, булардан 1 миллион 400 миңинин убактылуу жашоого уруксат кагазын алганын билдирди.

Ошондой эле берки Азия өлкөлөрүндө 451 миң ооган баш калкалоочунун жашаганын баса белгиледи.

Ушул учурга чейин 541 миң ооган качкынынын АКШ, Австралия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн жарандыгына кабыл алынгандыгын айткан Белхи, Качкындар министрлигинин мигранттардын маселелерин чечүү үчүн колунан келгенди жасаганын баса белгиледи.

Белхи: «Учурда дүйнөдө орто эсеп менен 6 миллион ооганстандык баш калкалоочу бар»,-деди.

БУУнун көрсөткүчтөрүнө караганда дүйнөдөгү качкындардын 15 пайызын афгандар түзөт.



Тектеш кабарлар