Жөөттөр Акса Мечити комплексине кирип барышты

Бир топ фанатик жөөт, басып алуу астындагы Чыгыш Кудста орун алган Акса Мечити комплексине кирип барды.

994727
Жөөттөр Акса Мечити комплексине кирип барышты

Израиль полициясынын коштоосундагы бир топ фанатик жөөт, басып алуу астындагы Чыгыш Кудста орун алган Акса Мечити комплексине кирип барды.

Кудс Исламий фонддор башкармалыгынын басма сөз катчылыгынын маалымдаганына караганда кечээ эртең менен 103 фанатик жөөт Акса Мечитинин короосуна кирип барды.

Израиль полициясынын коштоосунда Мегарибе капкасынан кирген фанатик жөөттөр, Акса Мечитинин короосунда бир топко басып жүрүштү.

Бир тараптан Израиль полициясы Акса Мечитинин коргоо боюнча директору Абдуллах Абу Талибди камакка алды. Камак үчүн кандайдыр бир себеп көрсөтпөгөн Израиль полициясы, Абу Талибди жакын жердеги коопсуздук борборунда бир топко кармап туруп кайра кое берди.

Кудс Исламий фонддор башкармалыгынын басма сөз катчысы Фирас Дибстин берген маалыматына караганда Израиль полициясы Акса мечитинин чыгыш багытындагы Эр-Рахме каалгасына жакын жерге тиккен көчөттөрүн да жулуп салды.

Басып алуу астындагы Чыгыш Кудстун эски шаар аймагында орун алган Акса мечити, мусулмандардын алгачкы кыбыласы болчу.

Жөөттөр ичинде Кыбыла Мечити жана Куббетус Сахра мечити менен катар музей, медреселер жана чоң короо орун алган Акса Мечити комплексинин астында «Сүлеймандын эстелигинин калдыктары бар» деген шылтоо менен казуу иштерин кылып жатат жана Хареми Шарифте өздөрү да сыйынуу укуктары бар экенин жактоодо.



Тектеш кабарлар