Таиландда 9 жылдан кийин биринчи жолу өлүм жазасы аткарылды
Кылмышкерге өлүм жазасы ийне саюу менен ишке ашырылды.
995130
Таиландда 9 жылдан кийин биринчи жолу бир кишинин өлүм жазасы аткарылды.
Жаза аткаруу мекемесинин билдирүүсүндө, 2012-жылы 17 жаштагы жаш кызды уюлдук телефонун бербей койгону үчүн 24 жолу бычактап өлтүргөн 26 жаштагы Theerasak аттуу кишинин уулуу ийне менен өлүм жазасына тартылганы белгиленди.
Өлкөдө 2009-жылдан бери биринчи жолу бир кишинин өлүм жазасынын аткарылгандыгы белгиленген билдирүүдө, Theerasakка берилген өлүм жазасынын берки кылмыштарга сабак болушу максатында аткарылганы маалымдалды.
Жаза аткаруу мекемесине караганда, Таиландда 1930-жылдан бери 326 киши өлүм жазасына тартылды.